Өтмөк ашуусу көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу 30-мартта толук жабылат. 29-марттан баштап оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жеңил унаалар өтүп жатат. 30-мартта көчкүлөрдү атып түшүрүү иштерине байланыштуу ашуу толук жабылат. Чектөөнүн мөөнөтү азырынча белгисиз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)
Дагы караңыз
Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору талкуулануудаСтамбулда украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсү башталдыСириядагы кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары бийликтен жардам сурашты Байден: АКШнын орус бийлигин алмаштыруу максаты жок