Мэрия 11-кичирайондогу гараждарды сүрдүрүү боюнча түшүндүрмө берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы 11-кичирайондо жайгашкан №20 гараж-керектөө кооперативинин унаа токтотуучу жайлары Жогорку соттун чечиминин негизинде сүрдүрүлүп жатканын билдирди.

28-мартта Бишкек мэриясы милициянын коштоосунда аталган гараждарды сүрдүрүп баштады. Кооперативдин мүчөлөрү гараждарды тазалоого каршы чыгып, милиция менен кагылышуу болду.

Мэриянын маалыматына ылайык, №20 гараж-керектөө кооперативи 1973-жылы түзүлүп, 11-кичирайондогу Аламүдүн суусунун жээгинен 1,5 гектар жер жеңил конструкциялардан жасалган гараждарга бөлүнгөн.

2010-жылы гараждардын саны 694кө жетип, ээлеген аянты 2,8 гектарды түзгөн.

Бишкек мэриясы №20 гараж-керектөө кооперативинин аталган жерге менчик укугу жок экендигине байланыштуу сотко кайрылган. Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылы мэриянын арызын канааттандырып, шаардык жана Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жайлар ээлеген жерге муниципалдык кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр салына турганын билдирди.

Дагы караңыз

Next TVнын соту: судья видеого уруксат бербей, Жээнбековду отурумдан чыгардыАдвокат камактагы журналист Базаркуловдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирдиБаткен: прокурорлор кызматтан кетип, айыл башчылар камакта калдыДепутат кырсык болгон имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди