Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Next TVнын соту: судья видеого уруксат бербей, Жээнбековду отурумдан чыгарды


Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу прокуратуранын арызын кароо 15:00гө жылды. Буга телеканалдын адвокаттарынын лингвистикалык экспертти камсыздоо талабы себеп болду. Экспертти прокуратура чакырып, алып келүүгө тийиш.

28-мартта саат 10:00дө башталган сот отурумунда судья Айнура Сатарова жараянды видеого тартпай, аудиожазууга гана уруксат берди. Телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков видеого тартууга уруксат сурап, ачыктыкты камсыздоону сураганда судья аны эрежеге баш ийбегени үчүн залдан чыгып кетиши керектигин эскертти жана отурумду беш мүнөттүк тыныгуудан кийин кайра баштады. Андан ары отурум Жээнбековдун катышуусусуз уланды.

Адвокаттар каналды "экстремисттик" деп табуу үчүн тыюу салынган уюмдардын чакырыктарын жайылткан материалдар такай жарыяланып келгени фактылар менен далилдениши керектигин, Next TV андай көрсөтүүлөрдү жайылтпаганын айтышты. Алар каналды "экстремисттик" деп таануу үчүн экспертизанын корутундусун чыгарган лингвисттин отурумга катышуусу зарылдыгын белгилешти. Судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

3-мартта УКМК телеканалдын директорун "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен козголгон иштин негизинде каналдын директору Таалай Дүйшембиевди камакка алган. Тергөө телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы кырдаалга байланыштуу "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам бере турганы" жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт. Прокурор каналдын ишмердигин "экстремисттик" деп табууга да мына ушул окуя негиз экенин билдирген.

Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат берген эмес.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этият болууну жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG