Ош облусундагы Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов “Ошгаздын” директорунун орун басары болуп 3-марттан тартып иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мамлекеттик ишкананын техникалык иштер боюнча орун басары Мирбек Маматов билдирди. Анын маалымдашынча, учурда Тилек Матраимов Бишкек шаарында иш сапары менен жүрөт.
Тилек Матраимов өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Сууну сегиз жыл башкарып, Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ал 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып пул салып үй камагына чыгарган.
Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен бир катар коррупциялык чуулгандуу иштерде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси. (AAb)
Дагы караңыз
Муфтият быйылкы садага-битирдин өлчөмүн, тартибин бекитти Next TVнын соту: судья видеого уруксат бербей, Жээнбековду отурумдан чыгардыАдвокат камактагы журналист Базаркуловдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирдиДепутат кырсык болгон имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева камалды