Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткарат

Бакыт Төрөбаев жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Буга чейинки орун басар Азиз Аалиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотту.

Президенттин басма сөз кызматы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилгенин билдирди.

Парламент анын талапкерлигин качан карары азырынча белгисиз.

Айрым маалыматтарга ылайык, Аалиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгына барат.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Дагы караңыз

"Путин цивилизацияга каршы согуш ачты" Мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалдыАдвокат Нурбек Токтакунов абактан кат жазды"Кош бойлуу келинге башка дары сайылган". Төрөтканадагы шалаакылыкИшкерлер бизнеске тоскоолдукту жоюуну өтүнүштү