Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Адвокат Нурбек Токтакунов абактан кат жазды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Белгилүү адвокат Нурбек Токтакуновду 25-мартта эртең менен күч кызматкерлери үйүнөн кармап кетип, беш суткага камады. Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочулары адвокатты камап салуу мыйзамсыз болгонун билдирүүдө.

Бейбаштыкка айыпталып беш суткага камакка алынган адвокат Нурбек Токтакунов 26-мартта убактылуу кармоо жайында эч кандай шарт жок экенин баяндап кат жазды.

Токтакунов мыйзам боюнча убактылуу кармоо жайында мыйзам кепилдеген милдеттүү шарттардын бири да түзүлбөгөнүн билдирди.

"Мени 25-мартта 08:40та уюшкан кылмыштуу топтун лидерин кармагандай алып кетишти. Бирок Айзаданы (ала качуунун курмандыгы болгон кыз) өлтүргөндө алар (милиция-ред.) мындай оперативдүү жана күжүрмөн эмес эле. Мени камерага киргизишкен соң өз байкоомду баштадым. Темир тордун аянты болжол менен 12 чарчы метр. Дубалдын үч жагында жыгач такта коюлуп, ага кир жуурканды жаап коюшуптур. Пол таштан. Лампочкалары жок, жарык офицерлер отурган оозгу бөлмөдөн келет. Даараткана камерада эмес, ал жакка барыш үчүн сураныш керек. Даараткананын абалы адам ыйлачудай. Жалгыз кол жуугуч бар экен. Кармалган адамды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо жокко эсе. Сүлгү турмак, аны илгенге мык да жок экен", - деп жазган адвокат.

Нурбек Токтакуновдун абактан жазган каты.
Нурбек Токтакуновдун абактан жазган каты.

Ал абалы начарлаганда "Тез жардам" чакырганын, бирок медиктер да өз деңгээлинде жардам көрсөтө албаганын кошумчалаган. Адвокат камактагы мөөнөтүндө убактылуу кармоочу жайдагы абал, шарттар боюнча мониторингин улантарын билдирген.

Токтакуновдун адвокаты Разак Ашимбаев 25-мартта ага жолугуп чыккандан кийин камеранын шарты начар экендигин айткан.

“Бүгүн эртең менен күч менен кармап кетишкен. Токтакунов эч кандай каршылык көрсөткөн эмесмин деди. Райондук милициянын убактылуу камерасында кармалып турат. Ал жерде уктаганга, дааратканага шарт жок. Беш суткага камагандан кийин буларды мамлекет камсыздап бериш керек эле. Бул шарттар каралган убактылуу кармоочу жай ремонттолуп жатыптыр. Биз соттун чечимин токтотуу боюнча өтүнүч келтиребиз. Шаардык сот мүмкүн мурунку чечимди жокко чыгарып, айып пул салат. Бирок шаардык сот ишти караганча, ал 3-4 сутка отурганы жатпайбы. Ошондуктан эки жолу жаза тартып калбаш үчүн камалбай туруш керек эле”.

26-мартта Норвегиядагы Хельсинки комитетинин сайтына кыргыз бийлигин Нурбек Токтакуновду коё берип, өлкө аймагында Украинадагы согушка каршы акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүгө чакырган билдирүү жарыяланды.

Уюмдун саясий маселелер боюнча кеңешчиси Ивар Дале адвокаттын кармалышына байланыштуу окуянын саясий жагдайы нааразылык жаратканын белгилеген.

"Орусиянын Украина менен согуштагы ырайымсыздыгы дүйнөнү нес кылды. Дүйнөдөгү борбор шаарлардагы Орусиянын элчиликтеринин алдындагы акциялар кадыресе көрүнүшкө айланды. Кыргызстандын жарандык активлүүлүк жана сөз эркиндигин урматтоо боюнча өз жолу бар. Ошондуктан азыр жарандардын конституциялык укуктарын чектөөчү мезгил эмес".

"Соттор эч ким эмес деп айткам"

24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларга орой сөз айтып, тилдегени үчүн беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган.

Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, адвокаттар шаардык сотко даттанганына байланыштуу кайра бошотулган.

“Токтакунов Орусиянын элчилигинин алдында Кыргызстандын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузуу, башкача айтканда, майда бейбаштык, коомдук жайларда сөгүнүү (анын ичинде тилдөө) жасаган. Милиция кызматкерлеринин митингди Горький паркында өткөрүү жөнүндөгү талабына баш ийген эмес. Ошол себептен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Нурбек Токтакунов укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде каралган укук бузууну жасаган деп таанып, беш суткага камакка алды”, - деп билдирди Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова.

Токтакунов камалганга чейин сотторго карата айтылган сөзүн мындайча түшүндүргөн:

"Соттор эч ким эмес" деп айткам. Бул сөздүн мааниси кандай эле? Биздин соттор Орусиянын элчилигинин тапшырмасы менен бир ай бою митинг өткөрүүгө тыюу салып жатат. Сот кайсы бир иш-чарага тыюу салганга укугу бар. Бирок бир ай бою митинг өткөрүүгө тыюу сала албайт. Бизге мал сыяктуу бул жерге чогула аласыңар, бул жерге жок деп айта албайт".

Милициянын ардагери Улан Рысбековдун пикиринде, ким гана болбосун сот жана укук коргоо органдарына сый мамиле кылыш керек.

Улан Рысбеков.
Улан Рысбеков.

"Антип айтканга эч кандай акысы жок. Милиция өз ишин аткарып жатат. Бизди аткаруу бийлиги деп коет. Бийликке андай сөз айтканга болбойт. Биз милицияга баш ийбегендерди катуу жазалоону сунуш кылганбыз".

Адвокатты бошотууну талап кылган митинг

Нурбек Токтакунов укук коргоочу, адвокат, юрист жана өз пикирин ачык айтып жүргөн жарандык активист катары белгилүү. Ал 2015-жылы “бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн сындаганы үчүн” президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

"Прецедент" коомдук уюмду жетектеп турганда дагы мыйзамдуулук, сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары боюнча көптөгөн кайрылуулары, иш-аракеттери менен таанылган. Ар кандай чуулгандуу иштерде адвокат катары өзүнүн кызматын сунуштап жүрөт.

25-мартта кечке жуук Токтакуновду бошотууну талап кылган тарапташтары Биринчи май райондук милициясынын алдында митинг өткөргөн.

“Токтакунов - өлкөдөгү белгилүү адвокат. Былтыр уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбек кызынын апасынын адвокаты болчу. Анын өлүмүнө жол берип, шалаакылык кылган укук коргоо органдарын жоопко тартууну талап кылып келген. Ички иштер министри баштаган жогорку кызматтагы адамдардын отставкасын талап кылган. Журналист Болот Темировго да жактоочулук кылып, милициянын мыйзам бузууларын айтып чыгып жаткан”, - дейт Токтакуновдун тарапташы Сауле Алымбекова.

Жарандык активист Бурул Усманали Токтакуновду камоого негиз жок болчу деп эсептейт.

"Адвокат Токтакуновдун камалышы - өтө чоң окуя. Ал - Кыргызстандагы көзгө басар адвокаттардын бири. Элге таанымал, эл аралык деңгээлдеги адвокатты камап коюшу өтө одоно көрүнүш. Ал Конституцияга каршы токтомго юрист катары каршы чыккан. Эч кандай бийликке шек келтирген эмес".

Айыпка жыгылган укук коргоочулар

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирген.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров да митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз деп, 17-мартта Орусиянын элчилигинин астына Украинадагы согушка нааразычылык билдирип пикетке чыккан.

Милиция пикетке чыккан укук коргоочуларды кармап кетип, сот "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси менен 3 миң сомдон айып салган. Токтакунов сотто алардын адвокаты болгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG