АКШ Европаны суюлтулган газ менен камсыз кылат

АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин биргелешкен билдирүүсү. 25-март, 2022-жыл.

Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. куб метр америкалык суюлтулган газ менен камсыздоо тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу 25-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биргелешкен билдирүүдө жарыялады.

Алар келишимдин максаты Европанын орус газынан көз карандылыгын жоюу экенин билдиришип, 2030-жылга чейин Вашингтондун Евробиримдикке газ экспорту 50 млрд. куб метрге чейин жетерин айтышты.

“Бүгүн биз бул максатка жетүү үчүн биргелешкен иш-чаралар планын бекиттик. Муну менен катар келечекте таза энергияга өтүүнү тездетүүнү макулдаштык. Бул демилге эки негизги маселени чечет. Биринчиси - Европаны Орусиянын газынан көз карандысыз кылуу, экинчиси - Европанын газга болгон керектөөсүн кыскартуу”,-деди Байден.

Урсула фон дер Ляйен да Байдендин Орусиянын отунуна көз карандылыкты жоюу боюнча айтканын кубаттап:

"Андан баш тартууга умтулуп жатабыз. Буга газды, анын ичинде суюлтулган газды кошумча сатып алуу менен жетсе болот”,-деди.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40%ын Орусиядан сатып алат. (ErN)

Дагы караңыз

Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилдиБашкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү бердиАвстралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салдыМыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалдыАбхазиядан келген автоунааны жасалма документ менен каттаган кызматкер кармалды