Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:12

Австралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салды


Беларусту башкарып жаткан Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Беларусту башкарып жаткан Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Австралия менен Жапония Москвага жана Минскиге карата жаңы санкцияларды салды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү кабарлады.

Австралия “орус пропагандачыларын жана дезинформация таратуучуларын” кара тизмеге киргизди. Анда RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян, теле алып баруучулар Тигран Кеосаян жана Ольга Скабеева баштаган 22 адам бар. Австралия жалпысынан Орусияга каршы 500дөн ашык санкция киргизди.

Австралиянын Тышкы иштер министрлиги мындан сырткары Беларуска каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Чектөөлөр өлкөнү башкарып жаткан Александр Лукашенкого, анын аялы Галина менен уулу Викторго да салынды. Минскиге санкциялар анын орус аскерлерине көмөктөшкөнү үчүн каралды.

Жапония жаңы санкциялардын ичинде Орусиянын 80 компаниясын жана 25 жаранын камтыды. Кара тизмеге президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, анын аялы Татьяна Навка жана уул-кыздары Елизавета менен Николай да кирди. Бул өлкөнүн жалпы санкциялары 101 фамилияны жана 130 компанияга каралган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG