Түндүк Корея континент аралык ракетасын сынаганын ырастады

Түндүк Кореянын 24-мартта атылган “Хвасон-17” континент аралык ракетасы.

Түндүк Корея “Хвасон-17” континент аралык ракетасын сынаганын ырастады.

Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады.

Мурдараак Жапония менен Түштүк Корея ракета 24-мартта Пхеньяндын эл аралык аэропортунан атылганын кабарлаган. Ал миң километрди 4052 секундада басып өттү, 6250 метрлик бийиктикте учту. Атылган ракета Токио өзүнүкү деп эсептеген аймактагы сууга түшкөнүн билдирген.

Бул Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарды 2017-жылдан берки биринчи жолу сынашы. Аны сыноого өлкөнүн лидери Ким Чен Ын өзү катышты. Cыноодон кийин Пхеньян “АКШнын империалисттери менен мурдатан келаткан конфронтацияга толук даяр экенин” кабарлады.

24-мартта АКШ президенти Жо Байден Брюсселде «Чоң жети» уюмунун саммити алкагында Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугуп, Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп учурганын айыпташты.

Жапониянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, “Хвасон-17” континент аралык ракетасы 15 миң километрге чейин уча алат жана АКШнын бардык жерине чейин жетүүгө жөндөмдүү. Токио ошол себептүү бул сыноо дүйнөнүн туруктуулугуна жана тынчтыгына олуттуу коркунуч жаратарын маалымдоодо.

Быйыл 31-январда Түндүк Корея Америкага жете турган баллистикалык ракетасын сынаганын ырастаган. Пхеньян ракета атууну жыл башынан бери күчөткөн. (ErN)

Дагы караңыз

Австралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салдыБашкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү бердиАбхазиядан келген автоунааны жасалма документ менен каттаган кызматкер кармалдыМыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалды