24-мартта Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын акыркы баскычында (плей-офф) Түндүк Македонияга 0:1 эсебинде утулуп калды.
Оюндун жүрүшүндө Италия каршылаштарына тынымсыз чабуул кылганы менен дарбазага гол киргизе алган жок. Түндүк Македония төрт гана ирет чабуул жасап, беттештин бүтөрүнө аз калганда (92-мүнөттө) Александр Трайковскинин голу менен жеңишке жетти.
Италия ушуну менен экинчи жолу катарынан футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышпай калууда. 2018-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын плей-офф айлампасында Швецияга жеңилип калган. 2018-жылга чейинки 60 жыл ичинде Италия курама командасы дүйнө чемпионатына катышпай калган бир дагы учур болгон эмес эле.
Италия Евро-2020 оюндарын жеңип алган. Андан мурун 2006-жылы дүйнө чемпионатын уткан. Футбол боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону.
Түндүк Македония келерки аптада Португалия менен турнирдеги орун үчүн беттешет. Криштиану Роналдунун командасы Түркияны 3:1 эсебинде утуп чыккан. 2022-жылдын дүйнө чемпионаты Катарда өтөт. (ErN)
Дагы караңыз
Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү бердиАвстралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салдыМыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалды