Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын мурдагы редактору Марина Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттады. Бул тууралуу аталган соттун сайтында кабарланды.
Соттук ишти кароо 14-апрелге дайындалды. Ага 50 миң рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн. Буга чейин журналистке ушул эле сот 30 миң рубль айып пулга жыккан.
Овсянникова өзү “Медуза” басылмасына бул кылмыш иши эмес экенине кубанып жатканын айтып, бул анын “чындык үчүн күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин” билдирди.
Дагы караңыз
Орусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алындыМарина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөрүп чыккан. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.
Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган. "Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу" деген ал. Кийин ал кармалып, 14 сааттан ашык сурак берип чыккан.
Овсянникованын аракети тартылган видео жана анын кайрылуусу социалдык тармактарда кеңири тараган. Украинанын президенти Владимир Зеленский тайманбай согушка каршылыгын көрсөткөн журналистти алкап, баскынчылык согушту айыптап жаткан башка орус жарандарына дагы ыраазычылык билдирген. (ErN)
Дагы караңыз
ӨКМ өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүү коркунучун эскерттиЖапаров Кыргызстан мындан ары өз акчасына аскердик техниканын жаңысын алып турарын айттыЖаңы сатылып алынган “Тигр” жана КамАЗ машиналары Баткенге жөнөтүлөт26-мартта тоолуу аймактарда кар жаайт