Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору болуп шайланды. Фонддун байкоочу кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, Самаган Мырзаибраимов төрага кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
"Ыйман" фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.
Бул аралыкта мекеме ондогон китептерди чыгарды, видеороликтерди тартты, жолугушууларды, окутууларды өткөрүп келди. Ортодо айтыш, китеп боюнча жармаңкелерди жана тарбиялык, агартуу маанисиндеги акцияларды уюштурду. Бул үчүн Түркия жана башка өлкөлөрдөн да каржылык колдоо алып келди.
Расмий кабарларга ылайык 2015-2019-жылдарга Түркия бөлгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.kg аттуу маалымат порталын түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.
"Ыйман" фонду ачылган учурда Түркия алгач 10 миллион долларлык каражат бөлүүгө убада бергени кабарланган. Түркияда 2016-жылкы төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыпталган диний ишмер Фетхула Гүлендин тарапкерлерин Кыргызстан бул өлкөгө өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин каржылоо токтоп калган.
Соңку маалыматтарга ылайык азыр фонддо акча түгөнүп, имамдарга да стипендия берилбей турат.
Эгембердиев 2012-жылы муфтий болуп шайланып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын 1,5 жылдай жетектеген. Ал 2014-жылы Интернетке тараган чуулгандуу тасмадан кийин кызматтан кеткен. Ага карата “салык төлөөдөн качкан” деген берене боюнча кылмыш иш козголгон. Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Казакстанда кармалган мурдагы муфтий 2015-жылы майда Кыргызстанга кайтып келген. (КЕ)
Дагы караңыз
Исманкулов медициналык борбору иштеп жатканын билдирдиМинистр Исманкуловдун медициналык борбору көчүп жатканын билдирдиСот Мелис Аспековду жети жылга абакка кестиОшто Учкун айылынын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдүБишкекте гемодиализ алган бейтаптар митингге чыгышты