Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

Сот Мелис Аспековду жети жылга абакка кести


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду айыптуу деп таап, жети жылга абакка кести. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген.

Сот айыпкерди жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирди.

Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Былтыр августта Аспековдун жүрөгүнө "Бикард" менчик клиникасында операция жасалганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG