Мамлекеттик телеканалдардын жетекчилиги айлык маселеси чечилип жатканын билдирди

"Бешинчи канал".

Мамлекеттик "Пирамида" жана "Бешинчи канал" телеканалдарынын кызматкерлери социалдык тармактарга үч айдан бери айлык албай иштеп жатканын жазып, Министрлер кабинетине кайрылышты.

Бул маселе боюнча "Бешинчи каналдын" жетекчиси Алтынбек Бектуров "Азаттык" радиосуна комментарий берип, маселе чечилип жатканын билдирди.

"Каржы маселеси өз процедурасы менен кетип жатат. Мыйзам чегинде. Буюрса, жакынкы убакытта бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Кайдыгер карап, сыртын салган эч ким жок. Маселе Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат. Эмгек жамаатка аванс берилип жатат", - деди Бектуров.

Ал эми "Пирамида" телеканалынын жетекчиси Дооронбек Адаханов кийинчерээк маалымат берерин билдирди. Мурдараак Kaktus.media басылмасына маселе чечилип жатканын билдирген.

Учурда төрт мамлекеттик телерадиоканал бар - КТРК, ЭлТР, "Пирамида", "Бешинчи канал". Аларда жүздөгөн адам эмгектенет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүп келишет. (TSh)

Дагы караңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сотко жеткирилген Атамбаев отурумга катышкан жокМинистр Исманкуловдун медициналык борбору көчүп жатканын билдирдиЖапаров: Быйыл Кумтөрдөн 500 млн доллар киреше табууну көздөп жатабызCOVID-19: Бир бейтап каза болуп, он учур жаңы катталдыS-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси үй камагына чыкты