Улуттук банк бир айда 413 млн. сомдук алтын куймасын сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 28-февралдан тартып 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн. сомго 63 килограмм алтын куймасын сатты. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, алтындын бардык куймаларына суроо-талап болууда.

Ушул тапта Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31.1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат. Алтын куймасынын кору күн сайын толукталууда.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, валюта рыногунда абал олку-солку болууда.

22-марттагы расмий маалыматта бир грамм алтындын баасы 8 миң 63 сомго чыкканы айтылды. (КЕ)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып бердиБишкек–Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө кайра чектөө кирдиCOVID-19: Бир бейтап каза болуп, он учур жаңы катталды"Единая Россия" партиясынын депутаттарына Орусиядан чыгууга тыюу салындыМинистр Исманкуловдун медициналык борбору көчүп жатканын билдирди