Израилде бычак менен кол салуудан төрт адам каза тапты

Израил, Иерусалим. Январь, 2022-жыл. Архив.

Израилдин түштүн жагындагы Беэр-Шева шаарында калк жыш баскан көчөдөгү бычак менен кол салуудан төрт адам мерт болду. Кол салган араб тектүү Израил жаранын жолдо бараткан башка киши атып өлтүрдү.

Айрым маалыматтарга караганда, кылмышка барган киши мурда мектепте мугалим болуп иштечү. Кийин “Ислам мамлекети” террордук тобу менен байланышканы үчүн абакка кесилип чыккан. Соңку кол салууда анын шериктери болгон эмес деп болжолдонууда.

Мусулмандардын ыйык айы – Рамазандын жакындашы менен Израилде жана Палестина аймактарында чыңалуу күчөй түшөт. Өткөн жылы да ушул айда бир нече зомбулук аракеттери катталган. (ErN)

Дагы караңыз

ЖМКларга каршы арыздарды караган комиссия курамы жаңыландыУкраинадагы согуш: дүйнөдө буудай тартыш болот"Борбор Азияда сууга мамиле өзгөрүшү керек"Кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду