Кыргызстанда кумшекерди жана өсүмдүк майын өлкөгө алып кирүү кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылганын 23-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 1-апрелден 31-декабрга чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди”.
24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин дээрлик эки жылдан бери 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллардын куну кескин жогорулап, сомго карата курсу 20 сомго кымбаттаган. Ошонун кесепетинен базарда негизги азык-түлүктүн баасы да жогорулады. (RK)
Дагы караңыз
Украинадагы согуш: дүйнөдө буудай тартыш болотЖМКларга каршы арыздарды караган комиссия курамы жаңыландыАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайтZ жана V согуштун символуна кантип айланды?