"Талибан" Ноорузду расмий майрамдардын катарынан чийди

Ооган кыздары Нооруз майрамында, Балх провинциясы. 2010-жыл.

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы Нооруз майрамы мамлекеттик деңгээлде белгиленбей турганын жарыялады. Ал эми Human Rights Watch уюму "Талибан" өкмөтү ооган кыздарынын окуусуна шарт түзүүгө убада бергенин эскертип, өлкөдөгү билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү көрсөткөн баяндамаcын жарыялады.

Ооганстанда Нооруз расмий майрамдалбайт

"Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Юнус Сыдыки "Рейтер" агенттигине "талибдер Ноорузду майрам деп тааныганын, бирок расмий эс алуу күнү" деп жарыяланбай турганын кабарлады.

Маалымат министрлигинин өкүлү Абдул Ахад "Нооруз Ооганстанда расмий түрдө майрамдалбай турганын, бирок аны белгилеген элге тоскоолдук жоктугун" айткан.

Буга чейин талиб өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид Би-Би-Синин перс кызматына "Нооруз майрамы ислам шариятына туура келбей турганын" билдирген эле.

"Бул майрам мусулмандардыкы эмес, ошондуктан аны ислам мамлекетинде майрамдоо мүмкүн эмес. Эгер ооган эли Ноорузду белгилесе, бийлик ага тоскоол болбойт”,- деген ал.

Мазари-Шариф шаары. Архивдик сүрөт.

1996-2001-жылдары эски “Талибан” режиминин тушунда Ооганстанда Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынган. Бирок, акыркы жыйырма жылдан бери 21-мартта Ноорузду негизинен Балх провинциясында, Мазари-Шариф шаарында белгилеп жүрүшкөн. Эске сала кетсек, Ооганстанда Нооруз майрамы "Навруз Рузи" "Дехкан" (Дыйкан күнү) же "Рузи Нихолшинони" (Көчөт отургузуу күнү) деп да аталат.

Дагы караңыз Талибдер тынч митингдерге жана журналисттерге куугунтукту күчөттү

Укук коргоочулар ооган кыздарына кабатыр

Ал арада Human Rights Watch эл аралык уюму талибдер 23-мартта кыздарга бардык мектептерди ачууга убада беришкенин эскертти. Уюмдун баяндамасында, эл аралык донорлордун гранттары адам укуктарын, өзгөчө аялдардын жана кыздардын билим алуу укуктарын колдоого сарпталышы керек экени баса белгиленет.

"Ооганстанда кыздардын жана аялдардын билим алуусуна каражат бөлүүнү көздөгөн эл аралык донорлор адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү кылдат карап чыгып, жыйынтык чыгарышы керек" деп жазылат баяндамада.

Хизер Барр.

Уюмдун (HRW)аялдардын укуктары боюнча директорунун орун басары Хизер Барр: "Билим алуу мүмкүнчүлүгү мектептерден көз каранды. Донорлор талибдерди кыздардын жана аялдардын билим алуу укуктарын урматтоого үндөгөн жолдорду табышы керек",- деп жазды.

Былтыр 18-сентябрда Ооганстандын мектептеринде окуу жанданган, бирок өспүрүм кыздарга жана мугалим аялдарга мектепке кирүүгө уруксат берилген эмес. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы эркек балдарга жана мугалим агайларга гана билим уясына кайтууга жол берген.

Укук коргоочулар "Талибан" өкмөтү 23-марттан баштап өспүрүм кыздарга окууга шарт тузүүгө убада бергени менен "мектептерди кайра ачуу сапаттуу билим алууну камсыз кылбайт" деп эскертетүүдө.

Муну менен катар адистер аялдар арасында зордук-зомбулуктан коркуу, талибдердин көзөмөлү жана басым-кысымы, мугалимдердин жетишсиздиги, талибдердин окуу планындарына киргизген өзгөртүүлөрү жана учурдагы гуманитардык кризис сыяктуу көйгөйлөргө көз жумуп коюуга мүмкүн эмес экенин белгилешет.

Ооган кыздары менен аялдары былтыр ноябрда Кабулда билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөсүнө каршы демонстрацияга чыгышкан.

Human Rights Watch уюмунун изилдөөчүсү Сахар Фетрат баяндамада Ооганстандагы өспүрүм кыздардын билим алуу маселесин кайрадан көтөрдү:

"Эгер кыялданган кесипке эч качан ээ боло албасаңыз, эмне үчүн сиз жана сиздин үй-бүлөңүз билим алуу үчүн чоң курмандыктарга барышыңар керек? Ооганстанда кыздар үчүн орто мектептердин ачылышы - маанилүү кадам, бирок ал жетишсиз",- деп жазды Фетрат.

Дагы караңыз "Талибандын" күчтөрү Тажикстан менен Өзбекстанды көздөй жылдыбы?

Былтыр августта Кабулда өкмөттү кулатып, бийликке келген талибдер мындан 20 жыл мурункуга караганда өзүн ийкемдүүрөөк көрсөтө баштаган. Бирок убактылуу өкмөттүн курамына бир да аял кирген эмес. Жаңы режим бойго жеткен кыздарга окууга тыюу салып, аялдарды жумушка чыкпай турууга көрсөтмө берген.

"Талибан" кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын жарыялаган. Кыз-келиндерге спорт менен алектенүүгө да уруксат берилген жок. Ошондой эле кыз-келиндер мектепте, университетте эркектерден бөлүнүп окушат.

Муну менен катар былтыр ноябрда "Талибан" кыймылы Ооганстанда телевизорго чыккан аялдар үчүн жаңы эрежелерди киргизген. Ага ылайык, эми мындан ары аял журналисттер экранга бети-башын жаап чыгууга тийиш.

"Талибан" шариятка каршы келген, ошондой эле "ооган элинин баалуулуктарына" туура келбеген тасмаларды жана телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салган. Ал эми кыз-келиндердин телесериалдарга тартылышын таптакыр чектеди.

Кабулда ооган аялдары өз укуктарын коргоп бир нече ирет көчөгө чыкты. Бирок талибдер аларды күч менен таркатып, демонстранттарды көп учурда сабап, камакка алган учурлары катталды.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Учурда Ооганстанда элчиликтин кызматкерлеринен тышкары канча кыргыз жараны калганы тууралуу маалымат жок.

Дагы караңыз Евробиримдик “Талибан” менен диалогго барды

Сентябрь айында Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов кызматтан кеткен. Ниязов Кабул "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин элчиликтин кызматкерлеринен башка кыргыз жарандары этап-этабы менен эвакуация болуп бүткөнүн билдирген. Кыргызстандын Ооганстандагы жаңы элчиси дайындала элек.

Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса, Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен.