НАТОнун чыгыш бөлүгүн бекемдөө максатында АКШ Stryker БТРи менен жөө аскерлерин Болгарияга жайгаштырмакчы. Бул тууралуу 19-мартта Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен Болгариянын өкмөт башчысы Кирилл Петков чогуу өткөргөн маалымат жыйынында айтылды.
"АКШ Stryker ротасын киргизүүгө макул болду. Бул биздин НАТОдогу өнөктөштөр үчүн күчтүү белги", деди Петков.
Жыйында АКШ аскерлеринин Болгарияда жайгашуусу боюнча кенен маалымат берилген жок.
Петков Болгария Украинага аскердик жардам берүүнү көздөбөсүн, бирок гуманитардык жардам жиберүү уланарын билдирди. Ал ошондой эле Болгария украин качкындарын кабыл алууга даяр экенин айтты.
Мурдараак президент Румен Радев Украинага курал берилбесин, муну менен өз өлкөсүн согушка кириптер кылгысы келбегенин билдирген.
Дагы караңыз
Орусиянын Мариуполго катуу чабуулу уланды Ички дүң өнүмдүн 35% мигранттар которгон акча түзөтБайсалов Кыргызстан Украина боюнча бейтарап позицияда экенин билдирдиНооруз күнү Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилетCOVID-19: Отуздан ашык бейтаптын абалы оорНиколаевде казармага урулган соккудан ондогон аскерлер өлгөнү кабарлануудаОрусия Украинада үндөн ылдам ракетасын колдонгонун билдирдиТүркмөнстанда жаңы президент ишке кириштиОрус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал Украинадагы согуш 112 өспүрүмдүн өмүрүн алды