Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Орусия Украинада үндөн ылдам ракетасын колдонгонун билдирди


Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.
Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун билдирүүдө. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 19-марттагы брифингде айтып чыкты.

"18-мартта "Кинжал" авиациялык комплексинин гипер ылдамдыктагы аэробаллистикалык ракеталары менен Ивано-Франковск облусунун Делятин калктуу пунктундагы украин күчтөрүнүн ракеталары жана авиациялык ок-дарылары сакталган жертөлөдөгү ири кампасы жок кылынды", - деп билдирди Конашенков.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Делятин аймагына сокку урулганын ырастаганы менен бул чабуулда кандай ракета колдонулганы дагы такталышы керек экенин айтышты.

Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.

Украинада орус күчтөрүнүн чабуулдары 24-февралдан бери уланып жатат. Соңку 24 күндүн ичинде Украинадагы согуш жүздөгөн жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрүн алды. Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, согуш башталгандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG