Байсалов Кыргызстан Украина боюнча бейтарап позицияда экенин билдирди

Эдил Байсалов.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинадагы кырдаалга байланыштуу пикирин билдирип жатып, Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын билдирди. Ал бул тууралуу "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде айтты.

Байсалов Кыргызстан кандай гана жаңжал болбосун, тынчтыкты көздөрүн белгиледи:

"Биз Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) толук кандуу мүчөсүбүз. Уюмдун уставына ылайык, ар бир мамлекет ички жана тышкы саясатын өзүн аныктайт. Украинадагы конфликт боюнча айтсам, биз жаңжалдашып жаткан эки тарап менен тең бирдей жылуу мамиледебиз. Эки тарапты тең тынчтыкка жана келишүүгө чакырып жатабыз. Тышкы иштер министрлиги аркылуу элдештирүү сунушубузду да бергенбиз. Биз бир тарапты жактап, экинчи тарапты жектей албайбыз. Кыргызстандын позициясы - бейтарап болушу керек".

Эдил Байсалов элди саясат менен алектенбей, жер иштетүүгө, азык-түлүк коопсуздугун алдын ала камсыздоого чакырды. Украинадагы согуштук кырдаал, ага байланыштуу Орусияга салынган санкциялардан улам Кыргызстандын да экономикасы оор абалга кептелгенин белгилеп, элди ысырапкорчулуктан качып, бюджетин үнөмдөөгө үндөдү.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Эң катуу чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам качкынга айланды. (ZKo)

Дагы караңыз

Нооруз күнү Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилетCOVID-19: Отуздан ашык бейтаптын абалы оорКудайдын отун уурдаган алпНиколаевде казармага урулган соккудан ондогон аскерлер өлгөнү кабарлануудаОрусия Украинада үндөн ылдам ракетасын колдонгонун билдирдиӨзбекстан орусиялык IT-адистерди имерүүдөОшто Орусияны колдогон акцияга мэрия уруксат бергени маалым болдуАйдоочулар Орусиянын бажычылары товарды өткөрбөй жатканына даттанууда