Нооруз күнү Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет

Ноорузду майрамдоо. Бишкек. 21-март, 2019-жыл.

21-мартта Нооруз майрамын майрамдоо учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтынын, Эски аянттын айланасындагы көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет.

Борбор калаанын милициясы кабарлагандай, 21-март күнү саат таңкы 5тен 22-марттын саат 1ге чейин Чүй проспекти жана Абдымомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

Калган көчөлөрдө кыймыл кадимкидей жүрөт.

Бишкек шаардык милициясынын күзөт-кайгуул кызматы 20-марттан тартып, эки күн күчөтүлгөн режимде иштейт. Коомдук тартипке 6 миңден ашуун милиция кызматкери көз салат.

Мамлекеттик маанилүү мекемелер кайтарууга алынып, эл чогулган жерлерге көзөмөл күчөтүлөт. Мындан тышкары кайгуул кызматы шаардын бардык жеринде коомдук тартипке кам көрөт. Рейддер күчөтүлөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Кудайдын отун уурдаган алпНиколаевде казармага урулган соккудан ондогон аскерлер өлгөнү кабарлануудаОрусия Украинада үндөн ылдам ракетасын колдонгонун билдирдиӨзбекстан орусиялык IT-адистерди имерүүдөОшто Орусияны колдогон акцияга мэрия уруксат бергени маалым болдуАйдоочулар Орусиянын бажычылары товарды өткөрбөй жатканына даттануудаТүркмөнстанда жаңы президент ишке кириштиОрус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал Украинадагы согуш 112 өспүрүмдүн өмүрүн алды Орус күчтөрү Мариуполго кирип жатканы кабарландыАжылыктын акча чыры: миллиондор толуктала элек