Ошто Орусияны колдогон акцияга мэрия уруксат бергени маалым болду

Бишкектеги Орусиянын элчилиги.

19-мартта Ош шаарындагы Токтогул паркында Орусиянын саясатын колдогон акция болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары колуна “Кыргызстан батыштын колониясы эмес!”, Биз Россия менен!”,”Биз мигранттар менен!”, “Батыштын саясаты элдин азабы”, “Россиянын коопсуздугу биздин коопсуздук” деген жазууларды кармап турду. Катышуучулар эки-үч саат туруп тарап кетишти.

Митингди өткөрүүгө Ош шаардык мэриясы уруксат бергенин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдков “Азаттыкка” билдирди:

“Булар Ош шаардык мэриясынан уруксат алыптыр. Ошон үчүн эч ким унчуккан жок. Алгач катышуучулар Орусиянын Башкы консулдугунун алдына митингге чыгууну каалаган. Бирок ага шаар бийлиги уруксат берген эмес”, - деди Замир Сыдыков.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерин токтотуу талабы менен пикетке чыккан. Аларды милиция кармап кеткен.

18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Динара Ошурахунованын иши каралды. Сот аны “Майда бейбаштык” беренеси боюнча актап, бирок "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча отурумду 25-мартка дайындады. Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартта карайт.(AAb/ZKo)

Дагы караңыз

Түркмөнстанда жаңы президент ишке кириштиОрус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал Орус күчтөрү Мариуполго кирип жатканы кабарландыАжылыктын акча чыры: миллиондор толуктала элек Бажынын мурдагы башчысы үй камагына чыктыЗеленский Орусияны маңыздуу сүйлөшүүгө чакырдыУкраинадан 173 кыргызстандык кайтып келди