Өтмөк ашуусундагы чектөөлөр алынды

Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр алынды. Учурда бардык автоунаалар өткөрүлүп жатканын 19-мартта "Азаттык" радиосуна Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум чачып жатышат. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талабы сакталууга тийиш.

18-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, ашууда машиналардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолу райондорунда кар көчкү түшөрү күтүлүп жатканын жана жолдор тайгак болорун эскертүүдө. (MKt)

Дагы караңыз

ЭВФ: Орусиядагы кризистен коңшулары да жабыркайт LG Electronics Орусиянын базарынан кеткенин жарыяладыЛьвовдо согушта балдарды өлтүрүүгө каршы акция өттүБишкек-Нарын-Торугарт жолу ачылдыМитингдерди тыюу: укук коргоочулардын соту “Жаңы базарларды ачуу керек”. Кыргыз ишкерлеринин каатчылыкка камыКыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 30 жыл болдуБажы кызматынын мурдагы башчысы үй камагына чыктыТурак жай кооперативине нааразылар көбөйдүЭлчилик: Кыргызстандык жүк ташуучуларды текшерүү күчөтүлгөнү такталып жатат