Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-20-март күндөрү Кыргызстандын туруксуз аба-ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.
19-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бишкекте суу кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.
Дагы караңыз
Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту башталдыМосквада кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгы талкууландыЧаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды (видео)Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалдыУКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат бердиИсманкулов медициналык борбору иштеп жатканын билдирдиКыргызстан коронавирусту дарылоо боюнча алты протокол алмаштырдыБейшеналиевдин ишине нааразылар аны кызматтан кетирүүнү талап кылды