Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Москвада кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды


Арзыбек Кожошев менен Алексей Оверчуктун Москвадагы жолугушуусу.
Арзыбек Кожошев менен Алексей Оверчуктун Москвадагы жолугушуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвадагы иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктук макамын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата бир катар катаал санкция салды.

Орусиянын "Россельхознадзор" ишканасы Кыргызстандан помидор жана калемпир ташууга уруксат берди. Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, 5-марттан тарта тогуз мамлекеттен жашылча-жемиштерди ташуу үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жоюлду.

Орус тарап соңку жылдары бул өлкөлөрдөн келчү жемиштерди сактоодо фитосанитардык талаптар аткарылбай, мыйзам бузуулар болуп жатканын жүйө келтирип, киргизбей койгон учурлар кездешкен.

XS
SM
MD
LG