Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Акылбек Жапаров.

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. "Шейит мазарда” өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, маркумдардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюп, куран окулду.

Эскерүүгө Аксы окуясында жакынын жоготкондор, жабыркаган жарандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров Аксы элинин адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн эрдигин айтып, окуяны өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш катары баалады. Аксынын жашоочуларын бийликтин жер сатуусуна каршы чыгып, адилеттик үчүн күрөшкөнүн белгиледи.

Аксы окуясынын катышуучулары да сөз сүйлөп, ошол маалда элге ок атууга буйрук берген мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга эркин келип-кетип жатканына нааразы болгондор болду.

2002-жылдын 17-мартында райондо бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.(TB)

Дагы караңыз

АКШнын Чалгын кызматы: Украина менен согушта 7 миңдей орус аскери өлдүКадамжайда сумкага салынган ымыркайдын сөөгү табылдыМилиция кармап кеткен укук коргоочулар сурактан чыга элекӨзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады