Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан ак чүпүрөккө оролуп, сумкага салынган ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, сумканы 16-мартта саат 18.00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну мал жайып жүргөн учурда таап, милицияга кабар берген. Сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты дагы табылган. Бул фактыны Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү маалыматтардын электрондук журналына каттап, экспертиза дайындалды.
Азыркы күндө ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Баланы төрөп, таштап кеткен окуялар буга чейин дагы кездешкен. 2021-жылы 11-августта Токтогулдагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн наристе табылган. Анын энеси зордуктоого кабылганын милицияга билдирген. Ушуга окшош эле окуя 2016-жылы Токтогулда, 2017-жылы Бишкекте дагы катталган.
Мындай окуялар Орусияда эмгектенген мигранттар арасында дагы катталган учурлар бар. 2018-жылы Санкт-Петербургда төрөп, чүрпөсүн иштебеген муздаткычка катып койгон кыргызстандык келин кармалган. Ушул эле жылы Пермде 18 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн баласын өлтүргөн деп айыпталган. Былтыр сентябрда Москванын метросундагы дааратканада төрөп, наристени таштап кеткен кыргызстандык аял тууралуу кабарланган. Бул маалымат каражаттарында ачыкка чыккан гана окуялар.
Кыргыз бийлиги Орусияда ата-энеси таштап кеткен наристелердин айрымдарын Кыргызстанга алып келген.
Дагы караңыз
Милиция кармап кеткен укук коргоочулар сурактан чыга элекӨзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады Казак президенти парламентти күчөтүүнү сунуштадыТекебаев Германиянын өкүлү менен орус-украин жаңжалынын кесепеттерин талкуулады Жапаров Аксы окуясы коомдук аң-сезимди өзгөрткөнүн айтты