Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 13 адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – он киши. Чүйдө эки, Ош облусунда бир адамдан табылган. Калган аймакта жаңы учурлар катталган жок.
Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2976 адам каза болуп, 196 миңге жакыны сакайып чыкты.
Ушул күндөрү 109 бейтап ооруканада, 122 адам үйүндө дарыланууда.
12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.
Дагы караңыз
Лавров Украинанын бейтараптык макамы талкууланганын жарыяладыБулак: орусиялык 2500дөн ашуун аскердин сөөгү Гомелден мекенине жөнөтүлгөнБУУнун Гаага соту Орусиядан согушту токтотууну талап кылды Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмеси өттү