"Батукаев иши": Жогорку сот Атамбаевге карата өкүмдү күчүндө калтырды

Алмазбек Атамбаев.

Жогорку соттун 15-марттагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага, дарыгер Абдухалим Раимжановго жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиевге карата Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун өкүмдөрү өзгөртүлдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдубаева Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (1997-ж. редакциясы) менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулбастан күнөөлүү деп табылган. Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 26-августундагы токтому менен анын мүлкүн камакка алуу чечими жокко чыгарылды. Калган бөлүктөр боюнча соттук өкүмдөр өзгөртүүсүз калтырылган.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

2021-жылы декабрь айында Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан өтүнүч келтирип, Жогорку сот адвокаттардын арызын карай турган болгон.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган.

Дагы караңыз

Украин-орус сүйлөшүүсүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдөСот Шайырбек Ташиевдин ишин кыскартканы белгилүү болду Песков "1-каналдын" редакторунун аракетин "бейбаштык" деп атады Тажикстанда орусиялык аскерлердин машыгуулары башталды