Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Сот Шайырбек Ташиевдин ишин кыскартканы белгилүү болду


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиевге, Жеңишбек Токторбаевге жана дагы эки адамга козголгон кылмыш ишин кыскартты. Соттун тиешелүү токтому быйыл 21-февралда чыкканы 15-мартта белгилүү болду. Маалыматты Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Аларга 2013-жылы мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” жана “Бийликти күч менен тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасаган” деген беренелери менен айып тагылган. Мамлекеттик айыптоочу ишти кыскартуу боюнча оозеки өтүнүч берип, сот аны канааттандырган.

Жогорку сот 2021-жылдын 24-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев, өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев, жердеши Жеңишбек Токторбаев жана Медербек Үсөнов боюнча мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөткөн. Сот бул чечимге “маанилүү процессуалдык бузуулар” негиз болгонун билдирген.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор камалганда алардын тарапташтары Жалал-Абадда митингге чыгышкан. Акция учурунда митингчилер Бишкек - Ош жолун тосуп, облустук администрациянын имаратын басып алган окуя катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул окуяга байланыштуу сөз болуп жаткан төрт адамга Кылмыш кодексинин “массалык башаламандык” жана “бейбаштык” беренелери менен үч жыл шарттуу жаза мөөнөтү берилген. Алар коюлган айыпты моюнуна алышкан эмес.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев “Азаттыкка” буга чейин бул ишке 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында чекит коюлганын билдирген.

Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдын октябрь айынан бери президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG