Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-мартта Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти кызматына шайланганына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров эки өлкөнүн алака-катышы артарына ишенерин айтып, Сердар Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Түркмөнстандын азыркы президентинин уулу, Демократиялык партиядан талапкер Сердар Бердымухамедов 14-марттагы президенттик шайлоодо 72,97% добуш менен алдыга чыкты.
Мөөнөтүнөн мурун дайындалган президенттик шайлоого тогуз талапкер катышты.
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы өз булагына таянып, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга президент Сердар Бердымухамедовдун уулуна добуш берүү зарылчылыгы улам эскертилип турганын жазды.
Кенже Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңгенге чейин Тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, андан кийин борбор шаар Ашхабад шаары жайгашкан Ахал аймагынын губернатору, ошондой эле өнөр жай жана курулуш министри болуп иштеген.
Бийликтеги Демократиялык партиянын депутаты, финансы жана экономика боюнча вице-премьер-министр, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин эксперти жана ошол эле учурда Жогорку көзөмөл палатасынын жетекчиси болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: Биз бардык өлкөлөр менен кызматташууну улантабызДнепр аэропорту ракеталык соккудан кыйрады Түркмөнстан: президенттик шайлоодо Бердымухаммедовдун уулу жеңдиТажикстанда орусиялык аскерлердин машыгуулары башталдыИИМ элди каржы пирамидаларына алданбоого чакырдыУКМК мыйзасыз иштеген майнинг-ферма аныкталганын билдирди Бейшеналиев талкуу жараткан чечимдери боюнча комментарий бердиУлуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды