Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Түркмөнстан: президенттик шайлоодо Бердымухаммедовдун уулу жеңди


Президенттик шайлоодон уткан Сердар Бердымухаммедов жана анын атасы, азыркы мамлекет башчысынын портрети.
Президенттик шайлоодон уткан Сердар Бердымухаммедов жана анын атасы, азыркы мамлекет башчысынын портрети.

Түркмөнстандын азыркы президентинин уулу, Демократиялык партиядан талапкер Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо 72,97% добуш менен алдыга чыкты.

Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Мөөнөтүнөн мурун дайындалган президенттик шайлоого тогуз талапкер катышты. Түркмөн мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун проректору Хыдыр Нуннаев 11,09% добуш алса, Мары облусунун губернаторунун орун басары Агажан Бекмырадов, Лебап аймагынын атайын орто мектебинин директору Перхат Бегенжовго жана Түркмөнстан Межлисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаты Бердимаммет Курбановго шайлоочулардын 7,22% добуш берди. Калган талапкерлер 1% бир аз көбүрөөк добушка ээ болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 97,12% добуш берүүгө катышканын билдирди.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өз булагына таянып, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга президент Сердар Бердымухамедовдун уулуна добуш берүү зарылчылыгы улам эскертилип турганын жазды.

Басылма ошондой эле 13-мартка караган түнү дубандардын биринде башка талапкерлерге берилип калган добуштар үчүн шайлоо бюллетендерин алмаштырган учурларды кабарлады. Анын маалыматы боюнча мындай бурмалоолор талапкер Сердар Бердымухамедовдун пайдасына жасалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими февраль айында жарыяланган. Гурбангулы Бердымухамедов «жаштарга жол бошотуп берүү» үчүн кызматтан кетерин билдирген.

Байкоочулар шайлоону бийликти атадан балага өткөрүүнүн ачык аракети катары баалап жатышат.

Кенже Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңгенге чейин Тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, андан кийин борбор шаар Ашхабад шаары жайгашкан Ахал аймагынын губернатору, ошондой эле өнөр жай жана курулуш министри болуп иштеген.

Бийликтеги Демократиялык партиянын депутаты, финансы жана экономика боюнча вице-премьер-министр, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин эксперти жана ошол эле учурда Жогорку көзөмөл палатасынын жетекчиси болгон.

XS
SM
MD
LG