Садыр Жапаров: Биз бардык өлкөлөр менен кызматташууну улантабыз

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиянын алкагында Кыргызстандын тышкы саясий багыты ырааттуу, улуттук кызыкчылыктарга багытталган бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 15-мартта 21 өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алууда айтты.

“Биз бардык өлкөлөр менен саясий-дипломатиялык байланыштарды, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирип, өнүктүрүүнүн жалпы багытын улантууга чечкиндүүбүз”, — деди президент.

Садыр Жапаров башка мамлекеттер менен алака-катыш Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставында бекитилген принциптер менен ишке ашырыла турганын кошумчалады.

Президентке ишеним грамотасын тапшыргандардын ичинде Германиянын, Мавританиянын, Латвиянын, Эфиопиянын, Йемендин, Италиянын, Бельгиянын, Испаниянын, Бириккен Араб Эмиратынын жана Румыниянын элчилери бар. (BTo)

Дагы караңыз

Днепр аэропорту ракеталык соккудан кыйрады Түркмөнстан: президенттик шайлоодо Бердымухаммедовдун уулу жеңдиИИМ элди каржы пирамидаларына алданбоого чакырдыУКМК мыйзасыз иштеген майнинг-ферма аныкталганын билдирди Бейшеналиев талкуу жараткан чечимдери боюнча комментарий бердиУлуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылдыЕвропанын үч өлкөсүнүн премьери Киевге баратат