Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-20-март күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

16-мартта Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Дагы караңыз

УКМК мыйзасыз иштеген майнинг-ферма аныкталганын билдирди Бейшеналиев талкуу жараткан чечимдери боюнча комментарий бердиУлуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылдыЕвропанын үч өлкөсүнүн премьери Киевге баратат Дарыгерлер Абдрамановдун кызматтан алынышы боюнча президентке кайрылышты"Биринчи каналдын" түз эфирде согушту айыптаган редактору табылбай жатат Бишкек мэриясында 584 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталдыЧүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысымын берүү сунушталдыБашкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаев кармалганын билдирди