Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Чүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысымын берүү сунушталды


Эрнст Акрамов
Эрнст Акрамов

Бир катар жарандык активисттер, журналисттер жана дарыгерлер окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына нааразылыгын билдирип чыгышты. Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун атына жазылып, белгилүү хирургдун буга чейинки жасалган эмгектери белгиленген.

"Ал хирургиялык тажрыйбада уникалдуу ыкмаларды иштеп чыкты жана киргизди, медицина илимдеринин 20га жакын кандидатын даярдады. Эл аралык симпозиумдардын жана конференциялардын уюштуруучусу. 350дөн ашык илимий эмгектин, 23 патенттин автору. Акрамовдун эч качан институту болгон эмес. Чүй облустук ооруканасында 2 хирургиялык бөлүм бар. 1992-жылдан бери бул кафедралардын бирин профессор Эрнст Акрамов жетектеп келет. Отуз жыл - бөлүм башчы позициясында иштеп келатат. Ал өз убагында башкы дарыгер же башка орунда болуп калышы мүмкүн эле, бирок ага бул кереги жок болчу! Ал бейтаптарын таштап кете албады жана кете албайт, ал ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Ага эч кандай кызмат орундун кереги жок", - деп жазылган кайрылууда.

200гө жакын киши кол койгон кайрылууда Акрамовдун ысымын Чүй облустук ооруканага берүү сунушталган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын "Азаттыкка" ырастаган. Ал институт толугу менен жабылганын, аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын билдирген.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

Акрамовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG