Бейшеналиев талкуу жараткан чечимдери боюнча комментарий берди

Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагындагы коомчулуктун талкуусуна түшкөн акыркы чечимдери тууралуу комментарий берди.

Ал “ооруканалардын алдына кум төктөрүп, орой мамиле кылбай эле ишти мыйзамдуу жол менен бүтүрсө болобу?” деген “Азаттыктын” журналистинин суроосуна жооп берди.

“Президентке, башкы прокурорго да маалымат бердим. Эми аларга кылмыш иши ачылат. Аларды жөн эле чыгарып койгонго күчүбүз жетпейт. Сот болсо 10 жылга созулуп кетет. Ал убакта биз жок болуп калабыз да. Ошон үчүн бат эле кууп чыгыш керек”, - деди Бейшеналиев.

Бул тууралуу министр 15-мартта Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында билдирди. Министрлик бул бөлүм демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдолгонун кабарлады.

Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекетке кайтарып алып жатканын жарыялаган. Исманкулов берилген убакта имараттан чыгып кетпегенин айтып, 14-мартта оорукананын эшигинин алдына кум төктүрүп салган.

Министр 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылып, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов кызматтан алынганын билдирген.

Бир катар жарандык активисттер, журналисттер жана дарыгерлер Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына нааразылыгын билдирип чыгышты.

Ал эми Калдарбек Абдраманов жетектеген борбордун кызматкерлери жетекчисинин кызматтан алынышын иликтөөнү суранып, президентке кайрылды. (BTo/TsH)

Дагы караңыз

"Биринчи каналдын" түз эфирде согушту айыптаган редактору табылбай жатат Бишкек мэриясында 584 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталдыЧүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысымын берүү сунушталдыБашкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаев кармалганын билдирдиКазакстан долларды тышка чыгарууга тыюу салды