“Азаттыктын” беларус кызматына жергиликтүү тургундар кабарлагандай, согушта каза болгон орусиялык аскерлердин сөөгү алгач Беларустагы өлүкканаларга алынып келип, ал жактан Орусияга учак же поезд менен ташылууда.
“Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту”, - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну.
Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда.
Каза тапкан же жарадар болгон орусиялык аскерлер тууралуу маалымат тараткан беларус дарыгерлерине кызматтан алынарын айтып эскертишүүдө.
Ушул убакытка чейин Орусиянын бийлиги Украинада каза болгон орусиялык аскерлер тууралуу бир эле жолу маалымат берип, анда өлгөндөрдүн саны 500 чамалуу экени айтылган.
Дагы караңыз
Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылдыУкраина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду Украин-орус сүйлөшүүлөрү үзгүлтүксүз жүрүп жатканы айтылдыУкраинанын Польша менен чектеш аймагындагы аскердик полигону аткыланды