Украина: Львов шаарында да жарылуу болгону кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт. Украинанын борбору Киев шаары. 2022-жылдын 11-марты.

13-мартка караган түнү Украинанын Львов шаарында эки жолу катуу жарылуу болгонун жергиликтүү басылмаларга таянып “Би-Би-Си” билдирди.

Маалыматта айтылгандай, түнү менен Львовдо жана өлкөнүн башка да шаарларында асмандан сокку урулушу ыктымалдыгын эскерткен атайын белгилер угулуп жатты.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери өлкөнүн батыш четине жакын жайгашкан Львов шаарында атышуу болгон эмес, бирок абадан коргонуу белгилери берилип турган.

2-мартта Бириккен Улуттар Уюму Украинага каршы агрессия жүрүп жатканы жөнүндө резолюция кабыл алып, аны 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдөн карманган 35 өлкөнүн арасында Кыргызстан да бар. Резолюцияда Орусиянын Украинанын аймагына кирген куралдуу күчтөрүн тез арада алып чыгышы, күч колдонууну токтотушу керектиги айтылган.

Кремль Украинадагы согуштук аракетин бул өлкөнү "демилитаризациялоо жана денацификациялоо” үчүн атайын операция деп атап жатат.

Эки тараптан тең жоготуулар миңдеп саналары айтылууда. (RK)

Дагы караңыз

НАТО Орусия Украинада химиялык курал колдонушу ыктымал экенин эскерттиКазакстанда сот оппозиционер активистти камактан бошотуудан баш тартты COVID-19: Бир күндө 11 бейтап катталды, бир адам каза болдуӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши уланууда