Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:41

Казакстанда сот оппозиционер активистти камактан бошотуудан баш тартты


Жанболат Мамай.
Жанболат Мамай.

Казакстанда сот оппозиционер активист Жанболот Мамайды камактан бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирип, 12-мартта Мамайдын 15 күндүк жаза мөөнөтү аяктаганын, бирок ага карата жаңы айыптар тагылганына байланыштуу коё берилбегенин маалымдашты.

Казакстанда мыйзамсыз деп эсептелген “Казакстан демократиялык партиясынын” лидери 25-февралда уюштурган акциясы үчүн камалган. Ал иш-чара, уюштуруучулардын айтымында, быйыл январда өкмөткө каршы митингдерде курман болгон кеминде 227 адамды эскерүүгө арналган. Бийлик бул акцияны мыйзамсыз деп эсептөөдө.

Казакстанда быйыл жыл башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Өлкө жетекчилиги муну бийликти басып алуу үчүн жасалып, чет өлкөдө даярдалган айрым “террордук топтордун чабуулу” деп жарыялаган. Бирок бул дооматты ынанымдуу далилдер менен ырастай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG