НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Германиянын Welt am Sonntag гезитине 12-мартта курган маегинде ал “Соңку күндөрү биз химиялык жана биологиялык курал боюнча лабораториялар тууралуу акылга сыйбас билдирүүлөрдү угуп жатабыз” деп айтып, Кремль “актоого мүмкүн эмес нерселерди актоо үчүн жалган шылтоо ойлоп табууда” деп кошумчалады.
Ошону менен катар НАТОнун башкы катчысы “Эми Орусия мындай калпка таянып өзү химиялык курал колдонула турган операцияны ишке ашырышы толук ыктымал, андыктан биз сак болушубуз керек” деп билдирди.
Москва Украинада Пентагондун (АКШнын Коргоо министрлиги) жетекчилиги менен канаттуулар жана жарганаттар жайылта турган бактериологиялык курал жасалуучу атайын лабораториялар иштеп жатканын айткан.
Орусиянын мындай билдирүүсүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздандыруу боюнча өкүлү Исуми Накамицу андай маалыматы жок экенин айткан. (RK)
Дагы караңыз
Казакстанда сот оппозиционер активистти камактан бошотуудан баш тартты COVID-19: Бир күндө 11 бейтап катталды, бир адам каза болдуӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши улануудаЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду