ӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши уланууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши бүгүн, 13-мартта да уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-мартта көлөмү 1 миллион куб метрлик кар көчкү үч сарайды ичиндеги мал-жандыгы менен кошо басып калган.

Кырсыктын кесепетинен айыл тургундарына таандык 156 кой, алты жылкы жана "Одиссей" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кар астында калган.

Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Синоптиктер 11-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу бар экенин эскерткен. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Бир күндө 11 бейтап катталды, бир адам каза болдуЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду Украинага Орусияны ракета менен атууга уруксат берилген жокКиевге чабуул: Кремл согуш тактикасын өзгөрттү