БУУ: Украинадан 2,5 миллион киши чыгып кетти

Украинадан Польшага келген качкындар, 9-март 2022-жыл.

Орусия кол салгандан бери Украинадан чет өлкөгө качкан адамдардын саны 2,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди 11-мартта билдирди. Анын айтымында, согуш башталгандан бери Украинанын өзүндө дагы жүз миңдеген жарандар жер которду.

"Украинанын ичинде 2 миллиондой киши жер которду деп болжоп жатабыз. Миллиондогон адамдар маанисиз согуштан улам үйүн таштоого аргасыз болду", - деп жазды Твиттерге Филиппо Гранди.

БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Украинадан чыгып кеткен 2,5 миллион адамдын арасында 116 миңдей чет өлкөлүк жарандар бар. Жалпысынан 1,5 миллион качкын Украинадан Польшанын аймагына өттү.

Орусия кол салганга чейин Украинанын борбордук бийлигине баш ийген аймактарында жалпы 37 миллион киши жашап келген. Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаанын 3,5 миллиондой калкынын дээрлик жарымы жер которгонун айткан болчу.

Орусия 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Андан бери Украинада жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Украинанын элчиси Бишкекте калган себебин түшүндүрдүКоомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду Навальный орус жарандарын каршылык акциясына чакырдыТажикстанда ун кымбаттады