Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

Навальный орус жарандарын каршылык акциясына чакырды


Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды ушул дем алышта акцияга чыгууга жана орус күчтөрүнүн Украинадагы чабуулдарына каршылык көрсөтүүгө чакырды. Анын мындай билдирүүсү 11-мартта Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.

Навальный орус президенти Владимир Путинди "Орусиянын эли гана тез токтото аларын", митингдер ар бир шаардын башкы аянтында 13-мартта өтө турганын белгиледи.

"Бул оор марафон. Чарчап-чаалыкканга чейинки күрөш. Коркуу жана камоо менен коштолот. Бирок бул пайдасыз күрөш эмес экени анык", - деп жазды Навальный.

Ал "Путиндин пропагандасы" Украинадагы согуштан жабыркагандардын масштабын жашырып жатканын жана эки өлкөгө тең терс таасирин тийгизген согуштун себептери тууралуу жалган айтып жатканын кошумчалады.

Навальный орус жарандарын буга чейин да Украинадагы согушка каршылык билдирүүгө үндөгөн. Андан бери Орусиянын ондогон шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатат. "ОВД-Инфо" уюмунун маалыматы боюнча, мындай акцияларда баш-аягы 14 миңдей адам кармалды.

Орус президенти Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген. Аны улай Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизм" жана "акчанын изин жашыруу"беренелери менен жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный, анын тарапташы жана эл аралык укук коргоо уюмдары мындай айыптарды "саясий куугунтук" деп мүнөздөп келишет.

XS
SM
MD
LG