USAID үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн 1,1 млн. доллар бөлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн 1,1 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Бул акча Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөткөн 11 кризистик борборду жана жарандык коом уюмдарын колдоого жумшалат.

USAID үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө да көмөктөшмөкчү. Жаңы демилге Эл аралык аялдар күнүнө арналган атайын иш-чарада көтөрүлдү.

Кыргызстанда былтыр 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылдын деңгээлинен 12% жогору. Адистердин айтымында, катталбаган учурлар жана жабырлануучулардын саны алда канча көп болушу мүмкүн.

Өткөн жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт кризистик борборлорду 2022-жылга каржылоосун үч эсе жогорулата турганын айткан.

Дагы караңыз

COVID-19: Бир күндө 16 бейтап катталды, бир адам каза болдуСокулукта төлөм терминалдарын уурдап жүргөн балдар кармалдыЧек арадагы атышуу: Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөтКыргыз-тажик чек арасында түндө дагы ок атышуу болду