Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

COVID-19: Бир күндө 16 бейтап катталды, бир адам каза болду


Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 11-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы жуккан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2971 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 16 адам катталды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (тогуз адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 707 адамга жетти.

Кыргызстанда COVID-19дун быйыл январда башталган төртүнчү толкуну февралдын ортосунда басаңдай баштаган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да көбүрөөк экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG