Кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 10-мартта валюта базарына дагы 59,30 миллион доллар чыгарды. Анын 39,85 миллиону накталай сатылганын башкы каржы мекемесинен кабарлашты.
Буга чейин 4-мартта каржы базарына 55,35 миллион доллар чыгарып, анын 26,80 миллионун накталай саткан.
Улуттук банк жыл башынан бери ушуну менен беш жолу интервенция жасап, 284,30 миллион долларды каржы базарына чыгарды.
Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну түшүп жатат. Улуттук банк 11-мартка карата доллардын курсун 97 сомдон 103 сомго көтөрдү.
Коммерциялык банктарда жана жеке менчик акча алмаштыруучу жайларында 9-мартта 1 АКШ доллары 100 сомдон ашкан.
Дагы караңыз
Муртазалиевдин каттоосу жокко чыкты, Атазовдуку күчүндө калды Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Транспорт министрлиги: “Аэрофлот” каттамдарын келерки аптада улантат Орусия Украинадагы аскерлери туткундалган учурлар бар экенин моюнуна алды