Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
"Тышкы чөйрөдөгү өнүгүүнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Кыргызстандагы инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караларын билдирет.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-мартына карата Улуттук банктын алтын-валюта камдарынын көлөмү 2,7 млрд АКШ долларынан түзөт (6 ай импорт көлөмүнө барабар).
1-мартта Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайыздан 10 пайызга көтөргөн. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жыл ичинде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн.
Улуттук банк бир жума мурун тараткан билдирүүдө, 2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу керек экенин кошумчалаган.
Украинадагы кырдаалдын шартында Орусиянын улуттук валютасы менен катар кыргыз сому дагы наркын жоготууда. 9-мартта 1 АКШ доллары 100 сомдон ашты.
Дагы караңыз
ДССУ: Орус армиясы Украинадагы 18 ооруканага сокку урдуОрус армиясы басып алган АЭСте абал кооптууЖалал-Абад: Батыровго таандык болгон батирлер боюнча тендер жарыяландыТИМ уюштурган акысыз учак Кыргызстанга Польшадан учуп келет