Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырды.
"16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчинин айтымында, кыргызстандыктар Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же такси жана автобустар менен келсе болот.
Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.
Дагы караңыз
Ошто зомбулукка кабылган келин милицияга кайрылды Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегинде курал колдонулган окуя катталдыБаткенде кезектеги кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өттүМадумаров: Москвадан сөөк жеткирүү кызматы 40 миң рублден 150 миңге чыкты