Мадумаров: Москвадан сөөк жеткирүү кызматы 40 миң рублден 150 миңге чыкты

Адахан Мадумаров.

Орусиядан Кыргызстанга келүү үчүн учак билети кымбат болуп жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Адахан Мадумаров орусиялык «Аэрофлот» компаниясы каттамдарын токтотконун, азыр кыргызстандык компаниялар гана жумасына 2-3 жолу каттап жатканын айтып, Транспорт жана жолдор министрлиги билет баасы боюнча маселеге көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Мадумаров Орусияда каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүүдөгү көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды:

«Москвадан бир сөөк алып келиш үчүн коштоп келген кишисин, ритуалдык кызматын кошкондо мурда 40 миң рублдин тегерегинде болуп жатса азыр 150 миң рублге чыгып кетти. Москвадан Бишкекке бир билет 7 миң болсо азыр 40 миңге чейин көтөрүп алыптыр Avia Traffic компаниясы».

Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны чет жактарда мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. 24-февралда Орусия Украинада согуш баштаганы үчүн мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларга кабылып, рублдин куну күндөн күнгө төмөндөөдө. (RK)

Дагы караңыз

Академик Аманбек Жайнаков акыркы сапарга узатылдыДепутаттар өкмөттүн кризиске каршы программасын талап кылуудаБШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды Кыргызстанга Орусиядан жана Беларустан күнүнө ондогон IT адис келип жатканы айтылды